# 306-берене. Салыктык отчётту берүүнүн жана төлөөнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 апреля 2017 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О недрах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111569)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120968..1120969>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 306-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-306

---

1. Ушул Кодекстин 302-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана жер казынасын пайдалануу укугуна документ берилген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт.

2. Ушул Кодекстин 302-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бонус салыгын төлөөчү салык органына жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү эсептөөлөрдү берет жана кийинки ай үчүн айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен эсептик катталган жер боюнча бонусту төлөйт, мындай учурда:

1) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күрөө үчүн өндүрүп алуунун же андай укукту берүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугу өткөндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганда;

2) юридикалык жактын - жер казынасын пайдалануучунун уставдык капиталында менчик үлүшүнүн өзгөрүлгөндүгүн каттоо жүргүзүлгөндө;

3) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан пайдалуу кендердин запастарынын көбөйгөндүгү эсепке алынганда;

4) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнүн көбөйгөндүгү же мурда билдирилбеген пайдалуу кендердин жаңы түрлөрүнө жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынганда.

(КР 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [305-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-305)  
Кийинки берене: [307-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-307)
