# 297-берене. Акцизден бошотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 82 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111361); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120988..1120989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 297-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-297

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нормалар боюнча жеке адамдар тарабынан импорттолгон акциздик товарларга акциз салынбайт.

2. Төмөндө аталган импорттолчу товарлар акциз төлөөдөн бошотулат:

1) жүктөрдү, багажды жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуучу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон товарлар, жол жүрүү учурунда жана орто жолдо токтоо пункттарында;

2) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген, ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар;

3) конфискацияланган, ээсиз, ошондой эле мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн баалуулуктар.

3. Акциздик товарларды өндүрүүчүлөр тарабынан экспорттолгон эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, акциздик товарларга алар ушундай товарларды экспорттоону ырастаган шартта акциз салынбайт.

Бул пункттун максаты үчүн акциз салыгын төлөөчүлөр акцизден бошотулушу үчүн акциздик товарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка экспорттогондон күндөн кийин 180 күндүн ичинде салыктык катталган жери боюнча салык органына акциздик товардын экспорттолгонун ырастоочу төмөнкүдөй документтердин көчүрмөлөрүн тапшырууга милдеттүү:

1) акциз боюнча салыктык отчетту;

2) акцизделчү товарды экспортко берүүгө келишимдер;

3) эсептик фактуралар;

4) эгер келишимде салык төлөөчү документтерди тапшырган күнгө чейин төлөө каралган болсо, экспорттолгон акцизделчү товар үчүн төлөнгөнүн ырастачу төлөм документтери;

5) акциздик товардын экспортуна бажы декларациялары;

6) арналган өлкөнүн бажы декларациясы же арналган өлкөгө импорттолгонун ырастачу башка документ, алар:

а) тиркарнет;

б) эл аралык товардык-транспорттук накладной;

в) эл аралык темир жол катнашында таризделчү накладной.

Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтер ырасталбаган, тапшырылбаган же толук эмес көлөмдө тапшырылган учурда же кийинки салыктык контроль процессинде алардын тууралыгы ырасталбаганда, акциздик товарлар боюнча акциз ушул бөлүмдө акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында сатуу үчүн белгиленген тартипте эсептелет.

4. Акциздик товар өндүрүүчүнүн бир структуралык бөлүмү ушул эле акциздик товар өндүрүүчүнүн башка структуралык бөлүмүнө башка акциздик товар өндүрүү үчүн берилген акциздик товарларга акциз салынбайт.

5. Салык төлөөчү акциздик товарларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына экспорттоодо акцизди төлөөдөн бошотуунун негиздүүлүгүн тастыктоо үчүн салыктык каттоо жери боюнча салык органына акциз боюнча салык отчеттуулугу менен бирге, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди берет.

Мында салык төлөөчү акциз боюнча салык отчеттуулугун албаганда, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди салык органына акциздик товарлар жүктөп жөнөтүлгөн күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде берүүгө укуктуу. Ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттөн өткөндөн кийин экспорттолуучу акциздик товарлар сатылгандыгы тастыкталган учурда, төлөнгөн акциздердин суммасы ушул Кодекстин 81-беренесине ылайык кириштөөгө жана/же кайтарууга жатат. Мында, Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына акциздик товарларды экспортко тастыкталбаган сатууга байланыштуу эсептелген туумдардын төлөнгөн суммасы кайтарууга жатпайт. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2016-жылдын 22-июнундагы № 82 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-296)  
Кийинки берене: [298-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-298)
