# 295-берене. Акциздик жыйымдын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120988..1120989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 295-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-295

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолчу, тизмелери ушул Кодекстин 285-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-3-пункттарында көрсөтүлгөн алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар пиводон башкасы (ТНВЭД коду 2203) жана жүзүм ширесинен (коду ТНВЭД 220430) акциздик жыйымдын маркалары менен белгиленүүгө тийиш.

2. Эгерде бул бөлүмдө башкалар каралбаса, акциздик жыйымдын маркасы (мындан ары бул бөлүмдө - акциздик марка) белгиленген үлгүдөгү марка болот, ал акциздик товар сатылчу кутуга, бөтөлкөгө же башка идишке чапталат жана акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөнүн көрсөтөт.

3. Төмөнкүдөй алкоголдуу ичимдиктер жана тамеки буюмдар акциздик марка менен белгиленбейт:

1) Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка экспорттолушу экспорттун бажылык жол-жобосуна ылайык ишке ашырылгандар;

2) алардын Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо (жөнөтүү) жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген нормалардын чегинде ишке ашырылгандар.

4. Акциздик жыйым маркаларынын формасы, аларды берүүнүн жана колдонуунун тартиби, ошондой эле маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып келүүдө депозиттик төлөмдү колдонуунун жана администрациялоонун тартиби жана депозиттик төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат

---

Мурунку берене: [294-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-294)  
Кийинки берене: [296-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-296)
