# 294-берене. Акциздин суммасын кемитүү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120936..1120937>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 294-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-294

---

1. Акциз салыгын төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарды сатып алууда же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо, эгер андай товарлар акциздик товарларды өндүрүү үчүн сырье катары пайдаланылса, төлөнгөн акциздин суммасын азайтууга укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык, кемитүү салык мезгилинин ичинде иш жүзүндө пайдаланылган акцизделчү сырьенун санына акциздин суммасын акцизделчү сырьедон чыгарылчу акциздик товардын нормасынын негизинде аныкталган суммага жүргүзүлөт.

3. Бул берененин нормалары сырье катары пайдаланылган иштетүүгө берилген сырьедон жасалган акциздик товарларды өткөрүп берүүдө, иштетүүгө берилген акцизделчү сырьенун менчик ээси акцизди төлөгөнү ырасталган шартта колдонулат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [293-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-293)  
Кийинки берене: [295-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-295)
