# 291-берене. Атайын эрежелер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 42-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 291-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-291

---

1. Ушул Кодекстин 292-беренеси иштетүүгө берилген сырьедон жасалган жана экспортко чыгарылчу акцизделчү товарга карата колдонулат.

2. Иштетүүгө берилген сырьедон акцизделчү товар чыгаруучу салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) берилген сырьену иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим же контракт түзүлгөндөн кийин 3 күндүн ичинде салыктык катталган жериндеги салык органына мындай бүтүм жөнүндө тийиштүү келишимдин же контракттын көчүрмөсүн тиркөө менен билдирүүгө;

2) салыктык катталган жериндеги салык органынын депозиттик эсебине көрсөтүлгөн келишимдин же контракттын шарттары боюнча өндүрүлүүгө тийиш болгон акцизделчү товарлардын көлөмүнө эсептелген акциздин (депозиттин) суммасын даяр акцизделчү товар иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсине жана/же иштетүүгө берилген сырьенун менчик ээсинин тапшырмасы боюнча экспортко жөнөтүлгөнгө чейин төгүүгө.

3. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына ташылып кетүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан ташылып келүүчү акциздик иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн мөөнөтү берилген сырьену кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетүүгө берилген сырье кайра иштетүүнүн мөөнөтү берилген сырьену кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетүүгө берилген сырье эсепке алынган жана/же жүктөлүп жөнөтүлгөн датадан тартып эки жылдан ашууга болбойт.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [290-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-290-1)  
Кийинки берене: [292-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-292)
