# 290-берене. Төлөөнүн жана салыктык отчетту берүүнүн мөөнөтү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-290>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-290.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 290-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-290

---

1. Акциз төмөнкүдөй мөөнөттөрдө төлөнөт:

1) Акциз жыйымынын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон өндүрүлгөн жана (же) импорттолуп келген акциздик товарлар боюнча, аракты кошпогондо (коду ТЭИ ТН 220860) - акциздик маркалар алынганга чейин же алынган күнү;

2) Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге жана актыларга жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн аныктала турган күндө;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана/же Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу, акциздик салык маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон акциздик товарлар боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кеч эмес.

2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолуучу же/жана өндүрүлүүчү акциздик товарлар боюнча акцизди төлөөчү отчеттук кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салыктык каттоо жери боюнча салык органына акциз боюнча жана/же кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун ай сайын берүүгө милдеттүү.

Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугуна ушул Кодекстин 282-19-беренеси менен белгиленген форма боюнча жана тартипте тиешелүү документтер тиркелиши керек.

3. Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан акциздик товарлар импорттолгон учурда импортко акциз төлөө акциз төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча жүргүзүлөт.

4. Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон акциздик товарларга акциз төлөнгөн фактынын салык органы тарабынан тастыкталышы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга салык кызматынын органы тиешелүү белгини коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Импорттолгон товарлар боюнча акциз төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн, ошондой эле салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилеген талаптарга жооп бербеген документтерди берген учурда салык кызматынын органы импортко акциз төлөө фактысын тастыктоодо жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. (КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат

---

Мурунку берене: [289-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-289)  
Кийинки берене: [290-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-290-1)
