# 29-берене. Ал жеткис күч

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120999..1121000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 29-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-29

---

1. Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же четтетүүгө мүмкүн болбогон, же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок четтетүүгө болбой турган бөлөк кырдаалдардын натыйжасында чукул жана четтетилбөөчү жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган материалдардын негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда белгилүү мөөнөткө төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот:

1) банктык кепилдиктерди берүүсүз, ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында түзүлгөн салыктык карыздардын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды же бөлүп төлөөлөрдү берүү боюнча;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чектеринде салыктардын ставкаларын өзгөртүү боюнча;

3) Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчетту кошпогондо, салыктык отчетту берүү мөөнөттөрүн узартуу боюнча;

4) салыктык милдеттенмелерди өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо боюнча.

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-30)
