# 285-берене. Акциздик товарлардын тизмеси

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2020 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам чистого воздуха и совершенствования налогового администрирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112068)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2020 [Закон КР от 12 августа 2020 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам чистого воздуха и совершенствования налогового администрирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112068); 14.06.2019 [Закон КР от 14 июня 2019 года № 73 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111920); 30.06.2011 [Закон КР от 30 июня 2011 года № 64 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203307); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121004..1121007>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 285-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-285

---

1. Акцизделчү товарлар төмөндөгүлөр болот:

1) ТНВЭДдин 2207 товардык позициясында классификацияланган, этиль спиртинин концентрациясы 80 пайыз же андан ашык денатураланбаган этиль спирт жана башка ар кандай концентрациядагы денатураланган спирт тундурмалары;

2) угуттуу пиво, накта жүзүм шараптар, анын ичинде кордолгондор; 2009 позицияда көрсөтүлгөндөн башка жүзүм сусло, вермуттар жана өсүмдүк же башка жыттуу заттар кошулган накта жүзүм шараптар, ачытылган башка ичимдиктер (мисалы, сидр, перри, же алмурут сидри, бал ичимдик); ачытылган ичимдиктердин аралашмалары жана ачытылган ичимдиктер менен алкоголсуз ичимдиктердин, алкоголу аз ичимдиктердин башка жерде аталбаган же киргизилбеген аралашмалары, спирттин чогулгандагы концентрациясы көлөмдүк 80% кем эмес денатураланбаган этил спирт; спирт тундурмалары, ликерлор жана ТНВЭД 2203, 2204, 2205, 2206, 2208 товардык позицияларында классификацияланган башка спирттүү ичимдиктер;

3) ТНВЭДдин 2402 товардык позициясында классификацияланган сигаралар, учтары кесилген сигаралар, сигариллалар (ичке сигаралар) жана тамекиден же аны алмаштыруучудан жасалган сигареттер сыяктуу тамеки буюмдар;

4) ТНВЭДдин 2403 товардык позициясында классификацияланган өнөр жайда жасалган тамеки жана тамекинин өнөр жайлык алмаштыруучулары сыяктуу тамекини камтыган башка буюмдар; "гомогендештирилген" же "калыбына келтирилген" тамеки; тамеки экстракттары жана эссенциялары;

4-1) ТНВЭД 2403 товардык позицияда классификацияланган, ысытылган тамекиси бар буюмдар; 4-2) ТНВЭД 3824 товардык позицияда классификацияланган, электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктар;

5) (КР 2011-жылдын 30-июнундагы № 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) чийки нефть жана битумдуу породалардан алынган чийки нефти продуктулар, чийки эмес нефти жана битумдуу породалардан алынган, чийки эмес нефти продуктулар; массасынын 70%инен ашык нефти же нефти продуктулуу, башка жерде аталбаган же киргизилбеген, битумдуу породалардан алынган продуктулар, бул нефти продуктулар продуктулардын негизги түзүүчүлөрү болушат; ТНВЭДдин 2707, 2709, 2710, 3811 товардык позицияларында классификацияланган иштетилген нефти продуктулар.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарлар акциздик жыйым маркалары менен белгилениши мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2011-жылдын 30-июнундагы № 64 , 2019-жылдын 14-июнундагы № 73, 2020-жылдын 12-августундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [284-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-284)  
Кийинки берене: [286-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-286)
