# 283-берене. Акциз салыгын төлөөчүлөр

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 41-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 283-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-283

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик товарларды, анын ичинде аларды иштетип берүүчү негиздерде өндүргөн жана (же) акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон субъект эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, акциз салыгын (бул бөлүмдө мындан ары - акциз) төлөөчүлөр болушат.

2. (КР 2011-жылдын 30-июнундагы № 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгаруу бөлүгүндө акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, иштетип берүүчү сырьенун ээси акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 30-июнундагы № 64, 2012-жылдын 26-декабрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [282-20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-20)  
Кийинки берене: [283-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-283-1)
