# 282-13-берене. Иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн мөөнөтү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 282-13-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-13

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына ташылып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан ташылып келген иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү мөөнөтү иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү көлишиминин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана берилген сырьенун эсепке алынган жана/же жүктөп жөнөтүлгөн датасынан тартып удаалаш 24 календардык айдан аша албайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын аймагына кайра иштетүү үчүн ташылып келген иштетүүгө берилген сырье салык салуу максатында салык салынуучу импорт деп таанылат жана ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген датадан тартып КНС салынууга жатат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн ташылып кеткен иштетүүгө берилген сырье салык салуу максатында салык салынуучу берим деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетүүгө берилген сырье ташылып кеткен датадан тартып КНС салынууга жатат.

Ушул бөлүктүн максаттарында иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү продуктыларынын көлөмүнүн белгиленген мөөнөттөрүндө Кыргыз Республикасынын аймагына кайра ташылып келинген иштетүүгө берилген сырье боюнча беримдин салык салынган наркы, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана календардык жыл ичинде өзгөртүүгө жатпаган мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан эсепке алуу саясатынын негизинде кайра иштетилүүчү ушундай продукттардын өздүк наркына киргизилген иштетүүгө берилген сырьенун наркынын өлчөмүндө аныкталат. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [282-12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-12)  
Кийинки берене: [282-14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-14)
