# 282-10-берене. Евразиялык экономикалык бирлигинде товарларды экспорттоо

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 282-10-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-10

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоодо КНСтин нөлдүк ставкасы колдонулат.

Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоодо КНС салыгын төлөөчү ушул Кодекстин 40-главасына ылайык сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммасын кириштөөгө, КНС боюнча ашып кеткен сумманын ордун толтурууга жана/же кайтарууга укуктуу.

2. Ушул берене Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин аймагына аларды кийинки ташып кетүү менен аларды даярдоо жөнүндө келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарларга карата да колдонулат. Көрсөтүлгөн товарларга иштетүүгө берилген сырьедон кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарлар кирбейт.

3. Лизинг алуучуга ага менчик укугунун өтүүсү каралган каржылык ижара (лизингдин) келишими (макулдашуу), ошондой эле аларды даярдоо жөнүндө келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында даярдалган товарлар түрүндө зайымдарды берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына лизингдин предмети болгон товарларды ташып кетүүдө КНСтин нөлдүк ставкасы колдонулат.

4. Товарларды экспорттоону тастыктаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [282-9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-9)  
Кийинки берене: [282-11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-282-11)
