# 281-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык КНСти кайра берүү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 281-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-281

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде КНСти кайра берүү же андан бошотуу каралса, анда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери кийин кайра берүү менен КНС салынууга жатат:

1) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын расмий пайдалануусу үчүн;

2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган эл аралык уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктар жана иммунитеттер берилүүчү башка уюмдардын аккредиттелген кызматкерлеринин, алар менен чогуу жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, жеке пайдалануусу үчүн.

2. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле тиешелүү артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдалануучу, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алганда, алардын кызматкерлерине карата ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген шарттар өз аралык принциптерин жана паритеттик негизди эске алуу менен Кыргыз Республикасы тарабынан ишке ашырылат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган КНСти кайра берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана аларга теңештирилген эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо алардын кызматкерлерине кошумча нарк салыгын кайтарын берүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген)

---

Мурунку берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-280)  
Кийинки берене: [281-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-281-1)
