# 280-берене. КНСтин ашып кетүүсүнүн суммасынын ордун толтуруунун жана кайра берүүнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 280-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-280

---

1. Салык салынуучу субъекттен ушул Кодекстин 278-беренесинде жана 279-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн КНСтин ашык суммасын пайдалануу жөнүндө арыз болбогону аны КНС боюнча туумду жана салыктык санкцияларды, кийинки салык мезгилиндеги КНСти төлөөнүн эсебине чегерүү катары каралат.

2. КНСтин ашып кетүүсүнүн суммасынын ордун толтуруу жана кайра берүү салык органы салык салынуучу субъект берген КНСтин ордун толтуруу, кайра берүү жөнүндө арызды кабыл алган жана алар тарабынан документтердин копиялары берилген күндөн кийинки күндөн тартып 60 календарлык күндүн ичинде ишке ашырылат, алар:

1) салыктык мезгилдеги КНС боюнча салыктык отчет;

2) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин келишими же контракт;

3) эсеп-фактура;

4) товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документи;

5) Кыргыз Республикасынын аймагында салык салынуучу беримдер үчүн, төлөнгөнүн ырастоочу факт жок болсо - КНСтин ашык суммасы бар салык салынуучу субъект менен төмөнкүлөрдүн өз ара эсептешүүсүнүн салыштыруу актысы, алар:

а) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү;

6) товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү сатып алуучу;

б) товар экспорттолгон учурда:

а) товарды экспорттоого жүктүк бажы декларациясы;

б) арналган өлкөнүн жүктүк бажы декларациясы же арналган өлкөгө импорттолгонун ырастоочу, эл аралык темир жолдук жүк ташууда жол-жоболоштуруучу накладной, тиркарнет, эл аралык товардык-транспорттук накладной, накладной сыяктуу башка документ;

в) товарга акы төлөнгөнүн жана келишимге же контрактка ылайык КНСтин суммасын ырастоочу төлөм документи;

7) эгер мурунку текшерүүдө ошол мезгил камтылган болсо, жерине чыгып текшерүүнүн отчету, ал ордун толтурууга же кайра берүүгө арыз берилген мезгилди камтыйт.

3. КНСтин ашык суммасынын ордун толтуруу же кайра берүү жөнүндө чечим салык төлөөчү КНСтин ашык суммасынын пайда болуусунун негиздүүлүгү маселеси боюнча тапшырган документтерди милдеттүү түрдө текшерүүнүн негизинде төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:

1) ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан айына 500000 сомго чейинки суммалар боюнча салыктын ар бир түрү боюнча өзүнчө;

2) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан 500000 сомдон тартып жана андан ашык суммалар боюнча.

4. Салык салынуучу айрым субъекттер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КНСтин ордун толтуруунун жана кайра кайтаруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин аныктоого укуктуу. Салык салынуучу айрым субъекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. (КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. КНСтин ордун толтуруу жана кайра берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу менен жасалгандык фактысы аныкталган учурда мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылат, ал эми орду толтурулган жана кайра берилген сумма туум, пайыз жана салыктык санкцияларды салуу менен кайра ордуна коюлууга тийиш.

7. Салык төлөөчүнүн КНСтин ашык суммасынын пайда болуу маселесинин негиздүүлүгү боюнча документтерин текшерүү процессинде салык кызматынын органы ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык салынуучу субъекттин айрым операцияларына пландан тышкаркы жана утурлама текшерүү жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.

Ушул бөлүмдө каралган КНСтин ашык суммасын текшерүүнүн, ордун толтуруунун жана кайра берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. (КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [279-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-279)  
Кийинки берене: [281-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-281)
