# 279-берене. Нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу беримдер боюнча КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120962..1120963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 279-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-279

---

1. Эгерде салык салынган субъект нөлдүк ставка менен беримдерди жүзөгө ашырса жана мындай беримдердин наркы катары менен кийинки 6 календардык айдын ичинде ушул мезгил үчүн салык салынуучу беримдердин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмести түзсө, анда мындай субъект КНСтен ашкан сумманы кайтарып алуу укугуна ээ болот.

Башка салыктарды төлөөнүн, ошондой эле ашкан сумманы бюджеттен салык салынуучу субъекттин банктык эсебине төлөп берүүнүн эсебине КНСтен ашкан сумманы киргизүү КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү болуп саналат.

2. Салык салынуучу субъектке КНСтен ашкан сумманы кайтарып берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) анын салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздарын төлөөнүн эсебине;

2) КНСтен ашкан сумманы анын банктык эсебине төлөп берүү.

3. Нөлдүк ставкада беримдерди жүзөгө ашырган салык салынуучу субъекттин банктык эсебине КНСтен ашкан сумма товарларды импорттоого КНС боюнча милдеттенмелерди кошуп алганда салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздары болбогондо гана кайтарып берилүүгө жатат.

4. Мөөнөттү кийинкиге жылдыруу, салыкты бөлүп-бөлүп төлөө берилгенде кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.

(КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-278)  
Кийинки берене: [280-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-280)
