# 278-берене. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120962..1120963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-278.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 278-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-278

---

1. Эсепке алынууга жаткан сатып алынуучу материалдык ресурстар боюнча КНС суммасы менен салык салынуучу субъектке салынуучу беримдер боюнча чегерилген КНСтин суммасынын ортосундагы оң айырма КНСтен ашкан сумма болуп саналат.

2. Белгилүү бир салык мезгили үчүн салык салынуучу субъекттин КНСтен ашкан суммасын чегерилген туумдун, салык санкцияларынын, кийинки салык мезгилинин КНСинин, ошондой эле бул салык салынган субъекттин импортуна КНСтин эсебине которуу КНСтен ашкан сумманы кайтаруу болуп саналат.

3. КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу салык салынуучу субъектке төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) салык салынуучу субъекттин арызысыз КНС боюнча анын туумдарын жана салык санкцияларын төлөө эсебине;

2) салык салынуучу субъекттин арызысыз кийинки салык мезгилинин КНС боюнча анын салыктык милдеттенмесинин эсебине;

3) салык салынуучу субъекттин арызынын негизинде товардын импортуна КНСтин эсебине.

(КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2771-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2771)  
Кийинки берене: [279-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-279)
