# 2771-берене. Шарттуу эсептөөдө импортко КНС төлөө тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-2771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 2771-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2771

---

1. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашырган салык төлөөчү ушул беренеде белгиленген тартипте товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга укуктуу.

Ушул берененин максатында импортко КНС шарттуу эсептөө деп КНС төлөө тартиби түшүнүлөт, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан кийин экспорттоо шарты менен казыналыктын системасында ачылган депозиттик эсепке төлөөгө милдеттүү.

2. Товарлардын экспорту импорттолгон товарларды эсепке алууга кабыл алган датадан тартып 180 күндүн ичинде ырасталган учурда, салык төлөөчү депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНСтин суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген импортко КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартибине жана шарттарына ылайык салык төлөөчүнүн арызы боюнча анын эсептешүү эсебине кайра кайтарылат.

3. Товарлардын экспорту белгиленген мөөнөттө ырасталбаган учурда депозиттик эсепке төлөгөн импортко КНСтин суммасы бюджетке которулат.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык 2771-берене 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-277)  
Кийинки берене: [278-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-278)
