# 276-берене. Айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу субъект тарабынан КНС төлөөнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 276-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-276

---

1. Эгерде бул бөлүмдө башкача каралбаса, ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык иштетүүчү субъект ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген иштин түрлөрү боюнча КНС төлөөнү жүргүзөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык салынуучу субъектке айыл чарба продукциясын, товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылуучу ата мекендик өндүрүштүн чийки затынан айыл чарба продукциясынан башкаларын өнөр жайлык кайра иштеткен субъект кирет.

3. Ушул беренеде:

1) айыл чарба чийки затын өндүрүштүк кайра иштетүү деп конкреттүү өндүрүш объектисинде тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн (даярдоонун) жыйынды же ар түрдүү техникалык операциялар менен кезектелип аткарылган кошулма, ошондой эле алгачкы кайра иштетүү болгон айыл чарба чийки затынан даяр продукцияны өндүрүү менен байланышкан техникалык операциялар түшүнүлөт;

2) тамак-аш продукциясы деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык тамак-аш азыктарын өндүрүүгө кирген продукция түшүнүлөт;

3) айыл чарба чийки заты деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык айыл чарбага кирген ата мекендик өндүрүштүн продукциясы түшүнүлөт;

4) алгачкы кайра иштетүү продукциясы деп анын сапатын сактоо жана узакка сактоону камсыз кылуу үчүн кайра иштетүүнүн техникалык операцияларынан өткөн, чийки зат түрүндө андан ары продукцияны (өнөр жайлык) кайра иштетүүгө пайдаланылуучу же андан ары өнөр жайлык кайра иштетпестен керектөөчүлөргө сатылуучу айыл чарба продукциясы түшүнүлөт.

4. (КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн салык салынуучу субъект бюджетке төлөөгө тийиш болгон жана ушул Кодекстин 269-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эсептелген КНС суммасы ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштеткен субъекттер үчүн 80 пайызга азайтылат.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана башка салык салынуучу беримдерди ишке ашыруучу салык салынуучу субъекттин кириштөө укугу ал сатып алынган материалдык ресурстарды да, салык салынуучу беримдерди да ушул берененин максаты үчүн өз-өзүнчө эсептегенде гана пайда болот.

7. Ушул беренеге ылайык салык салынуучу беримдерди жана башка салык салынуучу жана/же бошотулган беримдерди түзүү үчүн пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасынын бөлүштүрүлбөгөн суммасы ушул Кодекстин 272-беренесинде белгиленген тартипке ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.

(КР 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [275-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-275)  
Кийинки берене: [277-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-277)
