# 272-берене. Сатып алынуучу материалдык ресурстардан алынуучу КНСти бөлүштүрүүнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 272-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-272

---

1. Салык салынуучу субъект салык салынуучу жана бошотулган беримдерди ишке ашырганда салыктык мезгилдин ичиндеги бошотулган беримдердин наркы беримдин бүткүл наркынын 5 пайызынан ашпаса, анда сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНСтин суммасы толугу менен эсепке алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда сатып алынган материалдык ресурстар үчүн эсепке алынууга тийиш болгон КНС төмөнкүдөй тартипте эсептелет:

1) салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы эсепке алынууга тийиш;

2) бошотулган беримдерди түзүү үчүн арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы эсепке алынбоого тийиш;

3) КНСтин калган бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү төмөнкүдөй өлчөмдө эсепке алынууга тийиш:

бөлүштүрүлбөгөн КНСтин суммасы А х ----- эсепке алынууга тийиш болгон суммага = (барабар) А + Б мында: А - салык салынуучу беримдердин жалпы наркы; Б - салыктык мезгилде жүзөгө ашырылган бошотулган беримдердин жалпы наркы.

3. Кийин салык салынуучу беримдерди жүргүзүү үчүн пайдаланылбоочу материалдык ресурстарды алууда, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эсепке алууга кабыл алынган КНС, ал материалдык ресурстар бошотулган беримдерди жана (же) КНС салуунун объектиси болбогон беримдерди түзүү үчүн пайдаланылган мезгилде такташтырылат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-271)  
Кийинки берене: [273-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-273)
