# 271-берене. Кириштелүүгө жатпаган сатып алынуучу материалдык ресурстардан алынуучу КНС

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 12.08.2016 [Закон КР от 12 августа 2016 года № 166 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111445); 18.01.2014 [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 271-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-271

---

1. Салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн эмес сатып алынган материалдык ресурстарга карата сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

2. Бош убакытты өткөрүү, оюн-зоокту уюштуруу максатында сатып алынган, салык салынуучу субъект тарабынан оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндөгү ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн сатылып алынгандардан башка материалдык ресурстарга карата КНСти эсепке алуу жүргүзүлбөйт.

3. Эгерде мындай КНС ушул Кодекстин жоболорун бузуу менен эсепке алынса, сатылып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС материалдык ресурстардын табигый чыгымдын (коромжу нормативдеринин) чегинен ашыгы эсепке алынууга тийиш эмес.

5. Ушул бөлүмгө ылайык жараксыз деп эсептелген КНСтин эсептик-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбоого тийиш.

6. КНСтин эсеп-фактурасында белгиленген формада каралган бардык реквизиттери толтурулбаган КНСтин эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбоого тийиш.

7. Эсепке алынбоочу сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС ушул берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөн башка учурларда материалдык ресурстардын эсептик наркына киргизилет.

8. КНСти жана сатуудан салыкты эсепке албаганда наркынын суммасы КНС боюнча отчеттук салык мезгил үчүн 300,0 миң сомдон ашкан Кыргыз Республикасынын аймагында накталай формада сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС боюнча эсепке алынууга жатпайт.

9. Эгерде салык салынуучу субъект ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди пайдаланса, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.

(КР 2014-жылдын 18-январындагы № 13, 2016-жылдын 12-августундагы № 166, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-270)  
Кийинки берене: [272-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-272)
