# 270-берене. КНСти кириштөөнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776); 31.12.2014 [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 185 "О внесении дополнения и изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205406); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 18.01.2014 [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 270-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-270

---

1. Бюджетке КНС төлөөдө, эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык салынуучу субъектиге салык салынуучу беримдерди түзүүгө арналган сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын кириштөө укугу берилет. Эгерде салык салынуучу субъект сатып алынган материалдык ресурстардын айрым бөлүгүн салык салынуучу беримдерди түзүүгө, айрым бөлүгүн бошотулган беримдерди жана салык салынбоочу беримдерге пайдаланса, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасы эске алынат, ал салык салынуучу беримдерди түзүүдө аларды пайдалануунун салыштырма салмагына жараша аныкталат.

2. Бул бөлүмдүн максаты үчүн сатып алынган материалдык ресурстар болуп салык салынуучу субъект беримдерди ишке ашыруу максатында алчу же импорттоочу негизги каражаттар, товарлар, анын ичинде сырье, материалдар, отун, комплектилик буюмдар, ошондой эле аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар эсептелет.

3. Ушул берененин 1-пунктунда каралган кириштөө укугу төмөнкүдөй шарттарда пайда болот:

1) салык салынуучу субъектиге:

а) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр иш жүзүндө КНС төлөөчү салык салынуучу субъект тарабынан берилсе; жана

б) ушул Кодексте белгиленген тартипте таризделген эсеп-фактура жазып берилсе; жана/же

в) кассалык чек жана/же товардык чек жазып берилип, аларда: салык салынуучу субъект-берүүчүнүн аталышы жана индентификациялык салыктык номери; товарлардын аталышы, саны жана наркы ушул Кодекстин 282-беренесинин 3-пунктунда каралган учурларда КНСтин суммасын бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.

2) (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) Бажы бирлигине мүчө-мамлекет болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан салык салынуучу субъект тарабынан товарларды импорттоодо:

а) Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүлгөндө; жана

б) ал боюнча бюджетке КНС төлөнгөндө;

5) Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан салык салынуучу субъект тарабынан товарларды импорттоодо:

а) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун берүү милдеттери аткарылганда; жана

б) ал боюнча ушул бөлүмгө ылайык бюджетке КНС төлөнгөндө.

4. Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС табигый азаюулардын (жоготуулар ченемдери) нормаларынын чектеринде салык салынуучу беримдерге карата кириш кылынууга жатат.

Табигый азаюулардын (жоготуулар ченемдери) тармактык нормалары жана айрым субъекттерге карата табигый азаюулардын нормалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. Курулуш-монтаждоо жумуштарын жүргүзүүчү салык салынуучу субъект сатып алынган, салык салынуучу беримдерди түзүү үчүн пайдаланылуучу материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн КНСтин суммасын кириштөө укугуна ээ.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 18-январындагы № 13, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 185, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [269-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-269)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-271)
