# 269-берене. КНСти эсептөөнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 40-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 269-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-269

---

1. КНС ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте эсептелет.

2. Салык салынуучу беримдер боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасы салыктык мезгилде салык салынуучу субъект тарабынан бардык салык салынуучу беримдер боюнча чегерилген КНСтин суммасы менен ошол эле салыктык мезгилде эсепке алынууга тийиш болгон сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

---

Мурунку берене: [268-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-268)  
Кийинки берене: [270-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-270)
