# 265-берене. Беримдердин салык салынуучу наркы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 39-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2016 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111421)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111421); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120960..1120961>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 265-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-265

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, бардык субъектилер ушундай беримдерге карата КНСти жана сатуудан алынуучу салыктын жалпы суммасын чыгарып салгандан тышкары төлөөчү же төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма беримдин салык салынуучу наркы болот.

2. Акы төлөө натуралай түрдө жүргүзүлгөн учурларда, салык салынуучу нарк деп КНС жана сатуудан алынуучу салык чыгарылып салынган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы эсептелет.

3. Салык салынуучу нарк ушул Кодекстин 120-беренесине ылайык колдонулуучу рыноктук баалардын деңгээлине ылайык келүүчү нарк боюнча беримдерди кошпогондо, эсептик нарктан төмөн болушу мүмкүн эмес. Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар боюнча ишке ашырылган учурларга карата колдонулбайт.

4. Эгер товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр рыноктук баадан төмөн баа боюнча берилсе, анда салык салынуучу беримдердин наркы ушул Кодекстин 119, 120-беренелерине ылайык аныкталат.

5. Беримдердин салык салынуучу наркы төмөнкүлөрдү да камтыйт:

1) КНС жана сатуудан алынуучу салык чыгарылып салынган беримдерге байланыштуу салыктардын суммасын;

2) салык төлөөчүнүн айрым керектөөчүлөргө товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда мамлекеттик жөнгө салынуучу бааларды колдонушуна же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктерди колдонушуна байланыштуу бюджет тарабынан берилген субсидиялардын суммасын.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү мамлекеттик алымдар беримдин салык салынуучу наркына киргизилбейт.

7. Бул бөлүмдө эсептик нарк деп:

1) товардык-материалдык запастар боюнча - сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен чыгымдар;

2) негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер боюнча сатып алууга жана өндүрүүгө кеткен, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык чегерилген амортизациянын суммасына азайтылган чыгымдар түшүнүлөт.

8. Эгерде салык салынуучу субъектиге анын экономикалык иш жүргүзүшү максатында берилген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр ушул субъектинин кызматкерине же башка субъектилерге акысыз берилсе, мындай беримдин салык салынуучу наркы товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасы болуп эсептелет.

9. (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташып чыгарууну жүзөгө ашырган салык төлөөчүдөгү беримдердин салык салынуучу наркы, ошол товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык ташып кирүүдө, КНС боюнча салык отчетунда экспортко товардын беримдеринин көлөмү чагылдырылган ошол товардын наркынын негизинде экспортту жол-жоболоштурууда колдонулган өлчөө бирдигинде ташылып келинүүчү товардын көлөмүнө пропорционалдуу аныкталат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2016-жылдын 26-июлундагы № 140 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [264-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-264)  
Кийинки берене: [266-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-266)
