# 263-берене. Аба кемелеринин транзиттик рейстерин тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жана эл аралык ташууга байланыштуу кызмат

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 263-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-263

---

1. Аба кемелеринин транзисттик рейстерин тейлөө боюнча, ошондой эле эл аралык ташууга байланыштуу кызмат көрсөтүү, темир жол транспорту менен эл аралык ташууга байланыштуу кызматтардан башкасы, нөлдүк ставкасы менен беримдер болуп саналат.

2. Ушул беренеде жүргүнчүлөрдү, кол жүктөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууга байланыштуу кызматтар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жүктөө, түшүрүү, кайра жүктөө, куюу-куюп чыгаруу боюнча;

2) экспедициялоо боюнча;

3) авиациялык күйүүчү майды куюп берүү жана/же куюп чыгаруу боюнча;

4) аэронавигациялык, метереорологиялык, жердеги-штурмандык, аэропорттук жана жердеги тейлөө боюнча;

5) техникалык тейлөө боюнча;

6) бортко тамактарды жана суусундуктарды берүү жана жеткирүү;

7) аба кемесин тазалоо боюнча;

8) эл аралык ташууларга жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташуу үчүн билеттерди сатуу жана брондоо боюнча.

---

Мурунку берене: [262-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-262)  
Кийинки берене: [263-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-263-1)
