# 259-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 31.12.2013 [Закон КР от 31 декабря 2013 года № 230 "О внесении дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205220); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120988..1120989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 259-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-259

---

1. КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406903100 негизги каражаттарына жайылтылат.

3. Чарбакер субъектиси КНС төлөөчү катары катталган фактыга карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттардын импорту үчүн КНС төлөөдөн бошотулат:

1) айыл чарба өндүрүүчүлөрү;

2) айыл чарба кооперативдери, анын ичинде кооперативдердин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн;

3) машина-трактордук станциясы;

4) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор;

5) финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча чарбакер субъекттер.

4. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул берененин максаттары үчүн негизги каражат - бул ишкердик жүргүзүүдө пайдаланууга арналган актив, өзүнүн наркын бара-бара аны менен түзүлүүчү товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрөт, аны пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашык болот жана, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, бажылык наркы 500000 сомдон кем эмести түзөт.

7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берим болуп саналбайт.

8. Жеке өндүрүштүк максаттар, ошондой эле кооперативдин мүчөлөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн түздөн-түз айыл чарба кооперативи тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негизги каражаттын импорту ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган наркты чектөөнү эсепке албастан импортко болгон КНС төлөөдөн бошотулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 230, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [258-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-258-1)  
Кийинки берене: [260-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-260)
