# 258-1-берене. Импорттолуучу куралдарды, аскер техникаларын, аскердик мүлктү, атайын техникаларды, атайын каражаттарды КНСтен бошотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-258-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 258-1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-258-1

---

1. Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу максатында иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен каржыланган мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу куралдар, аскердик техникалар, аскердик мүлк, атайын техникалар, атайын каражаттар КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн товарды импорттоо ТЭИ ТН жараша, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.

(КР 2013-жылдын 10-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-258)  
Кийинки берене: [259-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-259)
