# 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 13 января 2021 года № 4 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112165)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.01.2021 [ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 13 января 2021 года № 4 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112165); 12.08.2020 [Закон КР от 12 августа 2020 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам чистого воздуха и совершенствования налогового администрирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112068); 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 24.07.2019 [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 02.04.2018 [Закон КР от 2 апреля 2018 года № 35 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111768); 28.04.2017 [Закон КР от 28 апреля 2017 года № 66 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111573); 27.07.2016 [Закон КР от 27 июля 2016 года № 153 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111433); 22.06.2016 [Закон КР от 22 июня 2016 года № 82 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111361); 03.08.2015 [Закон КР от 3 августа 2015 года № 215 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111259)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121009..1121010>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 257-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-257

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат:

1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын товарлар;

3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар;

4) Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү, бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде жана актыларда жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;

5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык);

6) акциздик жыйымдын маркалары, идентификациялоо каражаттары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка;

7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн;

8) гуманитардык жардам жана/же, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте;

8-1) ушул Кодекстин 256-3-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана шарттарда, социалдык жактан маанилүү объект жөнүндө келишим боюнча;

9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо;

10) балдардын тамак-ашы;

11) жаратылыш газы;

12) дары каражаттары, анын ичинде жаныбарлар үчүн вакциналар жана дары каражаттары, ошондой эле медициналык багыттагы буюмдар;

13) айнек кайнатуучу мештерди жана конверттерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар;

14) банк жабдуулары (банкоматтар, РОS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары);

Көңүл буруңуздар! КР 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 Мыйзамы менен киргизилген толуктоолор 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. 14-1) банк жабдуулары (банкоматтар, POS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары);

15) электр энергиясы;

151) ЕАЭБ ТЭИ ТН 870380 товардык позициясында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттары;

152) ЕАЭБ ТЭИ ТН 8504 40 30, 8504 40 55, 8504 40 90 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын электр менен заряддоо үчүн жабдуулар;

16) май куюучу уюмдар тарабынан эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашыруучу аба кемелерине куюу үчүн борттук камдамдар катары импорттолуучу реактивдүү отун.

17) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн багытталган адистештирилген товарлар жана жабдуулар.

18) тракторлорду жана автотранспорт каражаттарын чогултуу үчүн арналган комплектөөчү бөлүктөр.

2. Ушул берененин 1-бөлүктүн 2, 3, 10, 12, 13, 17 жана 18-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат.

(КР 2011-жылдын 11-мартындагы № 5, 2011-жылдын 24-июнундагы № 56, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 16-мартындагы № 41, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2015-жылдын 19-февралындагы № 36, 2015-жылдын 13-июлундагы № 153, 2015-жылдын 3-августундагы № 215, 2016-жылдын 22-июнундагы № 82, 2016-жылдын 27-июлундагы № 153, 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 66, 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 35 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 , 2019-жылдын 24-июлундагы № 99, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2021-жылдын 13-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-августундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу Айнек кайнатуучу меш куруу жана реконструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрында № 502 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНСти тµлµµдµн бошотулууга тийиш болгон конвертерди (ферроэритүүчү мештерди) куруу жана кайра конструкциялоо үчүн адистештирилген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [2563-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2563)  
Кийинки берене: [258-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-258)
