# 2563-берене. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды беримдер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 153 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120961..1120885>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-2563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 2563-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2563

---

1. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге ылайык товарларды же жумуштарды беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

2. Ушул берененин максаты үчүн:

1) социалдык маанилүү объекттин өндүрүшү жана/же курулушу же сатып алуулары жөнүндө төмөнкүлөрдүн ортосундагы үч тараптуу келишим социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим деп таанылат:

а) бир тарабынан грант берүүчү менен;

б) экинчи тарабынан жумуштун подрядчиги же товарларды берүү менен;

в) үчүнчү тарабынан мамлекеттик орган же мамлекеттик мекеме же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен;

2) социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим анык деп таанылат, эгерде:

а) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумуштарды жана товарларды берүүнү өткөрүп берүү социалдык маанилүү объектини курууда же өндүрүүдө мындай келишимди түзүү датасынан 3 жылдан кечиктирилбеген жана социалдык маанилүү объектини импорттоодо Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү датасынан же Кыргыз Республикасынын аймагында мындай объектини сатып алуу датасынан бир жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылса;

б) жумуштардын подрядчиги же товарларды берүүчү социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимди түзүү тууралуу салыкты каттаган жери боюнча мындай келишим түзүлгөн датадан кийин келүүчү 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө салык органына билдирсе.

Билдирүү берүү жөнүндө талап мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген датадан кийинки катары менен келүүчү 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге карата өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго жайылтылат. Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү же мындай келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу билдирүүнүн формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;

3) социалдык маанилүү объект деп төмөнкү товар таанылат:

а) саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфратүзүмдөр жаатындагы калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн арналгандар; жана

б) грант берүүчүлөрдүн эсебинен чыгарылгандар же курулгандар, же сатып алынгандар; жана

в) мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына андан ары пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилгендер;

4) грант берүүчү деп социалдык маанилүү объектини чыгаруу жана/же куруу жана/же сатып алуу үчүн грант берген, социалдык маанилүү объекттер боюнча үч тараптуу келишимдин негизинде мамлекеттик органга же мамлекеттик мекемеге же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына андан ары пайдалануу үчүн аны андан ары өткөргөн жеке жак же жеке адамдар жана/же уюм же уюмдар таанылат.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2562-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2562)  
Кийинки берене: [257-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-257)
