# 253-берене. Акысыз негиздеги беримдер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2017 года № 123 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111630)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.07.2017 [Закон КР от 12 июля 2017 года № 123 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111630); 24.07.2015 [Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111238)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120974..1120976>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 253-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-253

---

1. Төмөндө көрсөтүлгөн объекттерди багытталышы боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган, мамлекеттик катышуунун үлүшү 50%дан жогору чарбалык коомдордун жана/же Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналган адистештирилген уюмдардын менчигине социалдык-маданий, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди, жолдорду, электр тармактарын, подстанцияларды, от казандарын жана жылуулук тармактарын, газ тармактарын, гидроэлектр станцияларынын, жылуулук электр станцияларынын объекттерин, гидротехникалык курулмаларды, суу алгыч курулмаларды, тоо кен-шахталык жабдууларды, жарандык коргонуу объекттерин акысыз негизде өткөрүп берүү КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча уюмдун менчигине негизги каражаттарды акысыз негизде өткөрүп берүү КНС-нан бошотулган берим болуп саналат.

3. Турак жай объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды адистештирилген уюмга акысыз негизде өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берим болуп саналат жана объектти экплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 194, 2017-жылдын 12-июлундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [252-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-252)  
Кийинки берене: [254-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-254)
