# 239-берене. Айыл чарба продукциясынын жана аны кайра иштетүү азыктарынын беримдери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 79 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111926)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 79 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111926); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 31.12.2015 [Закон КР от 31 декабря 2015 года № 235 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111279); 05.12.2012 [Закон КР от 5 декабря 2012 года № 194 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203794); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277); 10.01.2009 [Закон КР от 10 января 2009 года № 5 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120992..1120995>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 239-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-239

---

1. Айыл чарба өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясынын, ошондой эле анын кайра иштетилген азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

2. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Айыл чарба кооператив тарабынан ушул кооперативдин мүчөлөрү болгон айыл чарба өндүрүүчүлөрдөн алынган айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү азыктарынын беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

4. Айыл чарба кооператив тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ушул кооперативдин мүчөлөрүнө беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) берүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме боюнча КНС төлөөдөн бошотулган берүүлөр болуп эсептелет.

Көңүл буруңуздар! 5-бөлүк КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 6-беренесинин 8-п. ылайык 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготот

6. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн жана айыл чарба кооперативдеринен алынган айыл чарба продукциясын жана анын кайра иштетилген азыктарын беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

7. Айыл чарба өндүрүүчүсүнө жана айыл чарба кооперативине машина-трактордук станция тарабынан төмөнкү беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат:

1) айыл чарба техникасын пайдалануу менен иштерди;

2) айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү;

3) айыл чарба техникасына запастык бөлүктөрдү.

8. Салык төлөөчү тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба канаттуулары жана балыктар, айыл чарба канаттууларын жана балыктарды көбөйтүү боюнча ишти жүзөгө ашырган айыл чарба өндүрүүчүсү үчүн тоюттарды беримдер КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы № 5, 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2012-жылдын 5-декабрындагы № 194, 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) берүүчү, 3 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган берүү болуп саналган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеси

---

Мурунку берене: [238-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-238)  
Кийинки берене: [240-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-240)
