# 238-берене. Жердин, турак жай курулумдарынын жана орун-жайлардын беримдери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 38-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 238-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-238

---

1. Турак жай фондуна таандык турак жай курулуштарын Мамлекеттик каттоо органдарынын документтерине ылайык берүү же турак жайларды ижарага алуу, мейманкана тибиндеги имараттарды, пансионаттарды, эс алуучу жана дарылоочу жайларды ижарага берүүдөн тышкары КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

2. Жерди берүү, анын ичинде ижарага берүү, соода аянттары, парковка, транспорт каражаттары токтоочу жайларга беримдерден тышкары КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [237-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-237)  
Кийинки берене: [239-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-239)
