# 232-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120936..1120937>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 232-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-232

---

1. Эгерде товарларды жөнөтүүнү жүзөгө ашырган субъект:

1) товарга болгон менчик укугун башка адамга өткөрүп берсе, анын ичинде товарды жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекке акы төлөө же башка төлөмдөр түрүндө өткөрүп берүү, карыздык милдеттенме боюнча күрөө берүүчүнүн карызын жабуунун эсебине күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берсе;

2) мүлктү финансылык ижарага (лизингге) берсе;

3) электр энергиясы, табигый жана суюлтулган газ, жылуулук, суу менен, рефрижераторлук жана кондиционердик кызматтарды камсыз кылууну жүзөгө ашырса;

4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык кайтарууну жүзөгө ашырат.

2. Субъект жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашырат, эгерде ал акы төлөө үчүн ар кандай башка ишти аткарса, анын ичинде:

1) мүлктүк жалдоонун (ижаранын) келишимдери боюнча мүлктү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүү;

2) жумуштарды аткаруу, жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жалданма кызматкерге эмгекке акы төлөө катары кызматтарды көрсөтүү.

3. Мындай жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү беримдерге карата товарды беримдер негизги болуп эсептелген учурда бул товарларды берүүчү субъект тарабынан жүргүзүлүүчү товарларды беримдерге байланыштуу коштоочу жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери товарларды беримдеринин бөлүгү болуп эсептелет.

4. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү беримдер товарларды беримдерге карата алганда негизги болгон учурда бул жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган субъект тарабынан жүзөгө ашырылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерге байланыштуу товарларды беримдер жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү беримдеринин бөлүгү болуп саналат.

5. Товарды импорттого байланыштуу жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу товарларды импорттоонун бөлүгү болуп эсептелет.

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүзөгө ашырылган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул бөлүккө ылайык салык салынуучу же беримдерден бошотулган болуп таанылат.

7. КНС боюнча каттоонун иш-аракетинин мезгилинде сатылып алынган товардык-материалдык запастардын, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин КНС боюнча каттоо жокко чыгарылган учурдагы калдыктары алардын эсептик наркы боюнча товардык беримдер болуп таанылат.

8. Жеңилбес күчтүн натыйжасында товарды жоготуу товарды беримдер болуп эсептелбейт. Жоголгон товардын наркы документ түрүндө, ал эми документтер жоголгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Соода-өнөржай палатасынын жана тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттик комиссиясынын корутундусу менен ырасталышы керек.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-231)  
Кийинки берене: [233-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-233)
