# 231-берене. Салык салуу объектиси

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 37-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.03.2014 [Закон КР от 15 марта 2014 года № 50 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205272); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120933..1120934>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 231-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-231

---

1. КНС салуунун объектиси төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) салык салынуучу беримдер;

2) салык салынуучу импорт.

2. Төмөнкүлөр КНС салуунун объектиси болуп эсептелбейт:

1) ишкана же ишкананын өз алдынча иш жүргүзгөн бөлүгүн КНС төлөөчү тарабынан өткөрүп берүү учурунда ушундай болуп калган экинчи КНС төлөөчүгө же субъектке сатуу.

Ушул бөлүктүн максаттарында ишкананын өз алдынча иш жүргүзгөн бөлүгү болуп уюмдун обочолонгон бөлүмү эсептелет;

2) КНС төлөөчү болуп эсептелген менчик ээсинен мүлктү өткөрүү:

а) ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде КНС төлөөчү болуп эсептелген ишенимдүү башкарууга;

б) жөнөкөй шериктештиктин келишимине ылайык ушул шериктештиктин иштерин жүргүзүү боюнча милдеттенме жүктөлгөн салык салынуучу субъектке;

3) эгер менчик ээси салык салынуучу субъект болуп эсептелсе ишенимдүү башкаруу же жөнөкөй шериктештик келишими токтогон учурда мүлктү менчик ээсине өткөрүү;

4) эс алуу, көңүл ачуу жана оюн-зооктор чөйрөсүндө жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын беримдери;

5) уставдык капиталга өткөрүү же кайтаруу учурунда ошондой болуп калган бир КНС төлөөчүнүн башка КНС төлөөчүгө же субъектке (фонд, чегерүү) берилген мүлктү өткөрүү же кайтаруу;

6) каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды беримдер;

7) диний каадаларды. ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүү, ошондой эле ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 15-мартындагы № 50 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-230)  
Кийинки берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-232)
