# 229-берене. КНС боюнча каттоого алууга карата талаптар жана анын тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 36-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2016 [Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111446); 31.12.2015 [Закон КР от 31 декабря 2015 года № 235 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111279); 18.01.2014 [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120962..1120963>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 229-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-229

---

1. Эгерде ал катары менен кийинки 12 календардык айдын ичинде же болбосо катары менен кийинки 12 календардык айга жетпеген мөөнөттү түзүүчү мезгилдин ичинде наркы 8000000 сом суммасынан ашкан (мындан ары ушул бөлүмдө - КНС боюнча каттоо чеги) ушул Кодекстин 224-беренесинин 2-пунктунда каралган товарларды берүүнү, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, экономикалык ишти жүзөгө ашырган субъект КНС төлөөчү катары катталууга милдеттүү.

Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн салык салынуучу беримдердин наркы төмөндөгүдөй аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында ушул субъектинин бардык обочолонгон бөлүмүнүн салык салынуучу беримдеринин наркын эске алуу менен - ата мекендик уюмдар үчүн;

2) ушул Кодекстин 96-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык каттоону эске алуу менен - туруктуу мекеме аркылуу иш-аракет жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн;

3) жөнөкөй шериктештик келишими боюнча жүргүзүүчү иш-аракетти эске алуу менен - жөнөкөй шериктештик келишими менен ушул шериктештиктин иштерин жүргүзүү милдеттери жүктөлгөн субъект үчүн.

2. Мүлк ишенимдүү башкарууга берилгенде ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишими боюнча жүзөгө ашырылган иш боюнча ушул берененин талаптарына ылайык КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүгө милдеттүү. Мындай учурда ишенимдүү башкаруу өз алдынча, башкарууну түзүүчүдөн өзүнчө салык төлөөчү катары каралат.

3. Субъект КНС төлөөчү катары салык салынуучу беримдердин жалпы наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашкан мезгилдин аякташына карата бир айдын ичинде арыз берүү аркылуу каттоодон өтүшү керек.

Субъект каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып каттоо күчүнө кирет. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, эгерде каттоодон өтүүгө милдеттүү болгон субъект каттоо жөнүндө арызды бербеген же өз учурунда бербеген болсо, салык салынуучу субъект КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып ал салык салынуучу субъект катары эсептелет.

4. Катталууга милдеттүү болбогон субъект КНС салык төлөөчүсү катары ыктыярдуу катталууга укугу бар:

1) эгерде ал ушул Кодекске ылайык КНСтен бошотулган беримдерди кошпогондо, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашырса жана ушул Кодекске ылайык акыркы 12 айдан аз эмес мезгилдин ичинде салык отчетун берип турса;

2) эгеде ал мындан ары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууга ниеттенсе, төмөнкү шарттарды бир убакта аткаруу менен кандайдыр бир беримдерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин:

а) субъекттин иштеген жерин идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген салык төлөөчүнүн юридикалык дареги болсо, пайдаланууда ишин жүзөгө ашыруучу жайлары болсо;

б) салык төлөөчүнүн банкта эсептешүү эсеби болсо.

Ушул бөлүктө каралган учурларда КНС боюнча каттоо катталуу жөнүндө арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

5. КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылган субъект КНС төлөөчү катары беримдерге салык салуунун наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашып кеткен учурда каттоодон өтө алат.

6. КНС боюнча каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте 10 жумушчу күндүн ичинде салык кызматы органы тарабынан жүргүзүлгөн КНС боюнча текшерүүнүн негизинде салык салынуучу субъект катталган жер боюнча жүзөгө ашырылат.

7. (КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. (КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. (КР 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. Эгерде бири-бирине көз каранды субъект деген аныктамага туш болгон башкаруу органынын кызмат адамы, анын бир же бир нече катышуучусу КНС боюнча субъекти каттоо салык кызматы тарабынан жокко чыгарылган субъекттерди мурда башкарса же субъекттерди уюштурса ыктыярдуу тартипте КНС салыгын төлөөчү катары чарбакер субъекти каттоого жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2014-жылдын 18-январындагы № 13, 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [228-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-228)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-230)
