# 223-5-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 223-5-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-5

---

1. Ушул главанын максаттары үчүн бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык негизги каражаттар деп таанылган активдер негизги каражаттар болуп саналат.

2. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркына аларды сатып алууга жана/же даярдоого кеткен иш жүзүндөгү чыгашалар кошулат.

3. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин алгачкы наркы өзгөртүлүүгө жатпайт.

4. Негизги каражаттардын же материалдык эмес активдердин наркы ушул главада белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөр аркылуу чыгарып салууга кирет.

5. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасына кошуп эсептелүүгө тийиш болгон КНС алып салуу, жана/же ушул Кодекстин 294-беренесине ылайык чыгарып салууга жаткан акциздик салыктан улам аныкталат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-4)  
Кийинки берене: [223-6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-6)
