# 223-2-берене. Жылдык жыйынды киреше

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 223-2-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-2

---

1. Жылдык жыйынды кирешеге кыйыр салыктарды эске албаганда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча кирет.

2. Жылдык жыйынды кирешенин курамына учурда Кодекстин 189-беренесинде каралган салык алынбай турган кирешелер кирбейт.

3. Бардык негизги каражаттарды саткан учурда терс калдыкты кошпогондо, негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчага кирбейт, амортизациялык чегерүүлөрдү эсептептөөдө негизги каражаттардын наркын азайтат.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [223-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-1)  
Кийинки берене: [223-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223-3)
