# 222-берене. Туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешелерине салынуучу салыкты эсептөө жана төлөө

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-222.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 222-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-222

---

1. Чет өлкөлүк уюм тарабынан туруктуу мекеме менен байланышпаган Кыргыз Реопубликасындагы булагынан алынган кирешелерге ушул Кодекстин 223-беренесинде белгиленген кирешелер таандык кылынат.

2. Чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан алынган кирешелеринен алынуучу салык чет өлкөлүк уюмга киреше төлөп жаткан уюм жана жеке ишкер тарабынан эсептелет жана кармалат, мында ушул Кодекстин 223-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча жана тартипте кирешелерди ар бир төлөөдө кармалып калат, буга салык агентине киреше алуучу тарабынан төлөнүп жаткан киреше Кыргыз Республикасында киреше алуучу туруктуу мекемеге таандык экендиги жана киреше алуучу салык агентине каттоо картасынын көчүрмөсүн жана салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкатын өткөрүп бергендиги тууралуу билдирилген учурлар кирбейт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык кармалган салыктардын суммасын салык агенттери тарабынан бюджетке которуу ушул Кодекстин 168-беренесинин шарттары боюнча киреше келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күнгө чейин жүргүзүлөт.

4. Эгерде салык агенти чет өлкөлүк уюм тарабынан төлөнгөн кирешелерден салыкты кармабаса же толугу менен кармабаса, анда ушул аткарылбай калган салыктык милдеттенме салык агенти тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-221-2)  
Кийинки берене: [223-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-223)
