# 2211-берене. Тоо кендерин казып алуучу жана/же тоо кендерин кайра иштетүүчү ишканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 августа 2020 года № 141 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112082)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.08.2020 [Закон КР от 22 августа 2020 года № 141 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112082); 17.05.2014 [Закон КР от 17 мая 2014 года № 71 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205292); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года №158 "О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203758)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121007..1121008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-2211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 2211-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2211

---

1. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү киреше салыгын төлөйт.

2. Алтын камтыган казындыны, алтын камтыган концентратты, алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу боюнча иштер кирешеге салыгын салуу объектиси болуп саналат.

3. Киреше салыгынын салык базасы төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алтын эритмесин жана/же аффинаждалган алтынды сатып өткөрүүдөн алынган КПС жана сатуудан алынган салык эсепке алынбаганда түшкөн акча;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте дүйнөлүк баага карата эсептелген алтын камтыган казылмадагы, алтын камтыган концентраттагы алтындын наркы.

4. Киреше салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) алтын камтыган кенге жана алтын камтыган концентратка:

Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы

1300 гө чейин

1301 ден 1400 гө чейин

1401 ден 1500 гө чейин

1501 ден 1600 гө чейин

1601 ден 1700 гө чейин

1701 ден 1800 гө чейин

1801 ден 1900 гө чейин

1901 ден 2000 ге чейин

2001 ден 2100 гө чейин

2101 ден 2200 гө чейин

2201 ден 2300 гө чейин

2301 ден 2400 гө чейин

2401 ден 2500 гө чейин

2501 ден жана андан жогору

2023-жылга чейин киреше салыгынын ставкасы, %да

8

10

12

14

16

18

20

21

22

23

24

25

26

27

2023-жылдан тартып киреше салыгынын ставкасы, %да

11

13

15

17

19

21

23

24

25

26

27

28

29

30

2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:

Бир троялык унция алтындын АКШ долларында баасы

1300 чейин

1301 ден 1400 гө чейин

1401 ден 1500 гө чейин

1501 ден 1600 гө чейин

1601 ден 1700 гө чейин

1701 ден 1800 гө чейин

1801 ден 1900 гө чейин

1901 ден 2000 ге чейин

2001 ден 2100 гө чейин

2101 ден 2200 гө чейин

2201 ден 2300 гө чейин

2301 ден 2400 гө чейин

2401 ден 2500 гө чейин

2501 ден жана андан жогору

Киреше салыгынын ставкасы, %да

1

3

5

7

9

11

13

14

15

16

17

18

19

20

5. Календардык ай киреше салыгынын салык мезгили болуп саналат.

6. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.

7. Ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган Салык төлөөчү салык отчетун берүүнү жана киреше салыгын төлөөнү отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин эсептик катталган жери боюнча жүргүзүүгө милдеттүү. Эсептик каттоосу жок болгон учурда киреше салыгы салыктык каттоо болгон жери боюнча төлөнөт.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2014-жылдын 15-майындагы № 71, 2020-жылдын 22-августундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-221)  
Кийинки берене: [221-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-221-2)
