# 22-берене. Уюм. Обочолонгон бөлүм

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 22-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-22

---

1. Ушул Кодекстин максаттарында уюмдар деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (ушул Кодексте мындан ары - ата мекендик уюм);

2) өзү жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме же башка түзүлүш же болбосо эл аралык уюм (ушул Кодексте мындан ары - чет өлкөлүк уюм).

Эл аралык уюм деп эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн эл аралык укук субъекти саналат.

2. Обочолонгон бөлүм деп жыйынды түрүндө төмөнкүдөй шарттарга жооп берүүчү бөлүмдөр саналат:

1) экономикалык иш-аракет жүргүзөт;

2) башкаруунун негизги орунан аймактык жана мүлктүк жактан обочолонуп турат;

3) уюм менен байланышы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер аркылуу жүзөгө ашырылуучу персоналга ээ болот.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-23)
