# 217-берене. Пайдага салыктын алдын ала суммасын төлөө

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 мая 2013 года № 69 "О внесении изменения и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203877)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120923..1120924>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 217-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-217

---

1. Салык төлөөчү пайдасы нөл ставкасы боюнча салык алынуучу жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган салык төлөөчүнү кошпогондо, экинчи кварталдан тартып квартал сайын салыктык отчеттуулукту берүүгө жана бюджетке отчеттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20нан кийинки күндөн кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү.

2. Учурдагы салык мезгилинин биринчи кварталы, биринчи жарым жылдыгы, биринчи 9 айлыгы пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча отчеттук мезгил болуп саналат.

3. Отчеттук мезгил үчүн пайдага салыктын алдын ала суммасы бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайданын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.

Пайдага салыктын алдын ала суммасын эсептөөдө ушул Кодекске ылайык пайдага салык салынбаган кирешелер эсепке алынбайт.

4. Отчеттук мезгил үчүн бюджетке төлөнүүгө жаткан пайдага салыктын алдын ала суммасы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасы менен мурдагы отчеттук мезгил үчүн эсептелген пайдага салыктын алдын ала суммасынын ортосундагы оң айырма катары аныкталат.

5. Салык төлөөчү экономикалык ишке байланышкан чыгымдарды жылдырган учурда, бюджетке пайдага салыктын ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эсептелген алдын ала суммасы менен ушул Кодекстин 206 жана 223-8-беренелерине ылайык отчеттук салык мезгилине салык алынуучу кирешеден алып салуу катарында жылдырууга жаткан чыгымдардын 10 пайызы өлчөмүндө эсептелген сумманын ортосундагы оң айырма төлөнөт.

6. Пайдага салыктын алдын ала суммасы төлөнбөгөн же өз убагында төлөнбөгөн учурда салык төлөөчүгө карата салыкты төлөбөгөндүк же өз убагында төлөбөгөндүк үчүн ушул белгиленген туум колдонулат.

(КР 2013-жылдын 8-майындагы № 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-218)
