# 216-берене. Пайда салыгын аныктоонун тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 216-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-216

---

1. Пайдага салык төлөөчү биротоло эсептешүүнү жүргүзөт жана салыкты бирдиктүү салык декларациясын берүү датасына чейин төлөйт.

1-1. Салыктын биротоло суммасы салыктын эсептелген суммасынын жана төмөнкүдөй сумманын ортосундагы айырма катары аныкталат:

1) отчеттук салык мезгилиндеги пайдага салыктын алдын-ала эсептелген суммасынын;

2) ушул Кодекстин 220-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчү тарабынан чет мамлекетке төлөнгөн салыктын суммасынын;

3) ККМди же ушул берененин 1-2-бөлүгүнө ылайык аныкталган фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштөрдү сатып алууга чыгымдардын суммасынын.

12. Салык төлөөчү пайдага салыктын суммасын ККМди же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү сатып алуу чыгымдарынын суммасына салык төлөөчү төмөнкү шарттарды сактаган учурда ККМдин ар бир бирдигине же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнө карата 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө азайтууга укуктуу:

1) ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш отчеттук салык мезгилинде сатып алынат;

2) ККМ же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүш ККМди же фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштү каттаган датадан баштап салык мезгили аяктаганга чейинки мезгил аралыгында салык төлөөчү тарабынан өз ишинде үзгүлтүксүз пайдаланылганда;

3) салык төлөөчү ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбаса.

2. Салык төлөөчүнүн пайда салыгы салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт.

(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [215-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-215)  
Кийинки берене: [217-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-217)
