# 212-берене. Салыктан бошотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.09.2021 [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294); 24.07.2019 [Закон КР от 24 июля 2019 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111946); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 27.10.2017 [Закон КР от 27 октября 2017 года № 184 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111691); 12.04.2017 [Закон КР от 12 апреля 2017 года № 57 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111564); 31.12.2015 [Закон КР от 31 декабря 2015 года № 235 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111279); 20.05.2015 [Закон КР от 20 мая 2015 года № 107 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111150); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 30.05.2011 [Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203277); 10.01.2009 [Закон КР от 10 января 2009 года № 5 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202614)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121011..1121014>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-212.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 212-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-212

---

1. Төмөнкүлөрдүн ишинен түшкөн пайдалары салык салуудан бошотулат:

1) кайрымдуулук уюмдардын;

2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

3) айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн;

4) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин;

5) айыл чарба кооперативдеринин;;

6) өздүк сырьедогу мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өздүк менчигинде турган өндүрүштүк кубаттуулуктарда өнөр-жайлык кайра иштетүүнүн товарларын сатуудан алынган салык төлөөчүнүн пайдаларынын негизги өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, реконструкциялоого, модернизацияга багытталган бөлүгүнөн;

7) кредиттик союздар;

8) айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Көңүл буруңуздар! 8-пункт КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 6-беренесинин 8-п. ылайык 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүн жоготот

9) лизингдик компаниялар.

Көңүл буруңуздар! 9-пункт КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот

10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);

11) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин.

12) жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн жалпы билим берүү уюмдары.

13) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын.

14) машина-трактордук станциянын;

14-1) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолордун мүлк объектилерин эксплуатацияга киргизген учурдан тартып 5 жыл ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр жана жылуулук энергиясын, газды жана газ түрүндөгү абалында кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун жаңы өндүрүүчүлөрүнүн;

15) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун;

16) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдүн.

2. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу пайда салыгы боюнча декларацияны берүү милдетинен бошотпойт.

(КР 2009-жылдын 10-январындагы № 5, 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 20-майындагы № 107, 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235, 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 57, 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2019-жылдын 24-июлундагы № 99, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [211-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-211)  
Кийинки берене: [213-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-213)
