# 211-берене. Жөнөкөй шериктештик келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 211-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-211

---

1. Жөнөкөй шериктештикти эсепке алуу милдети жүктөлгөн субъект келишимге ылайык өзүнүн уюмунун негизги ишмердиги жана жөнөкөй шериктештик ишмердиги боюнча өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө тийиш.

2. Өзүнчө эсепке алуу милдети жүктөлгөн жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу салыктык милдеттенмелерди эсептөөнү пайдага салыкты кошпогондо ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүшү керек.

3. Жөнөкөй шериктештиктин келишими боюнча салык салууга чейинки пайда жана зыяндар келишимге ылайык катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт жана ар биринде өзүнчө эсепке алынат.

4. Катышуучулардын мүлкүн жөнөкөй шериктештикке салым катары өткөрүп берүү сатуу болуп эсептелинбейт.

5. Жөнөкөй шериктештик келишиминин шарттары аткарылгандан кийин салымдар катышуучуларга акчалай же натуралай түрдө кайтарылат. Кошулган салымдын өлчөмүндөгү кайтарым катышуучунун кирешеси катары эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-210)  
Кийинки берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-212)
