# 205-берене. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан зыяндар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-205.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 205-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-205

---

1. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан зыяндар:

1) карыздык баалуу кагаздардан тышкары, баалуу кагаздар боюнча - сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма;

2) карыздык баалуу кагаздар боюнча - сатуу күнүнө карата дисконттун жана/же сый акынын амортизациясын эске алуу менен сатуу наркы менен сатып алуу наркынын ортосундагы терс айырма.

2. Баалуу кагаздарды сатууда келип чыккан зыяндар башка баалуу кагаздарды сатуудан алынган кирешелердин эсебинен компенсацияланат.

3. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн зыяндар алар келип чыккан жылы компенсацияланышы мүмкүн болбосо, анда алар 5 жылга чейинки мөөнөткө кийинкиге жылдырылат жана ушул 5 жылдын ичинде баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешелердин эсебинен компенсацияланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [204-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-204)  
Кийинки берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-206)
