# 202-берене. Амортизациялык чегерүүлөрдүн суммаларын чыгарып салуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 202-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-202

---

1. Ушул Кодекстин 200-беренесине ылайык аныкталган негизги каражаттарды амортизациялоо үчүн амортизациялык чегерүүлөр салык төлөөчүнүн кирешесинен чыгарылып салынууга тийиш.

2. Эгерде топтун салыктык наркынын чоңдугу жылдын акырына карата 100 эселенген эсептик көрсөткүчтөн аз болсо, анда ушул сумма амортизациялык чегерүү катары каралат жана салык төлөөчүнүн кирешесинен, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, топтун бардык салыктык наркы чыгарылып салынууга тийиш.

3. Эгерде топтогу бардык негизги каражаттар сатылса, башка жакка өткөрүлүп берилсе же жок кылынса, анда топтун калган салыктык наркы амортизациялык чегерүү катары каралат жана салык төлөөчүнүн кирешесинен чыгарып салынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-203)
