# 201-берене. Амортизациялоо максатында негизги каражаттардын түшүшү жана чыгышы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120913..1120914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 201-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-201

---

1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, сатып алынган жана алынган негизги каражаттар жыл ичинде топко кошулган негизги каражаттар катары каралат жана топтун салыктык наркын жогорулатат:

1) негизги каражат уставдык капиталга салым катары түшкөндө - ушул Кодекстин 198-беренесине ылайык аныкталуучу наркка;

2) негизги каражаттын объектиси консервациялоо режиминен иштеп жаткан негизги каражаттарга которулганда - ушул негизги каражаттарды консервациялоодо топтон мурда чыгарылган негизги каражаттардын салыктык наркына;

3) мурда акысыз пайдаланууга өткөрүлүп берилген негизги каражат кайтарылганда - чыгып калуу учурундагы наркы боюнча;

4) негизги каражат реконструкциялоодон же модернизациялоодон кийин келип түшкөндө - топтон чыгарылган негизги каражаттын наркына, мында салык төлөөчүнүн ушул негизги каражаты реконструкциялоого же модернизациялоого байланыштуу чыгашаларына жогорулатылат;

5) салык төлөөчүнүн менчигине акысыз алынган негизги каражат келип түшкөндө, анын наркы кирешенин курамына киргизилгенде - ушул Кодекстин 198-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык аныкталган негизги каражаттын наркына;

6) негизги каражаттарды сатып алууда, курулуш бүткөндөн кийин негизги каражаттарды ишке киргизүүдө - баштапкы нарк боюнча;

7) ушул Кодекстин 203-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ремонтко чыгашалар суммасы боюнча чектөөдөн ашкан учурда - чектөөдөн ашкан чыгашалар суммасы боюнча.

2. Чыгарылган негизги каражаттар топтун салыктык наркын төмөндөтөт:

1) негизги каражат сатылганда же негизги каражат финансылык ижарага (лизингге) берилгенде - сатуу наркына;

2) уставдык капиталга салым катары берилгенде - ушул Кодекстин 198-беренесинин ылайык аныкталган нарк боюнча;

3) негизги каражаттар жоголгондо, бузулганда камсыздандыруу келишими жок болсо - нөлгө барабар нарк боюнча;

4) камсыздандыруу учуру келип чыкканда - камсыздандыруу уюм тарабынан камсыздандыруу келишимине камсыздандыруучуга төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы боюнча;

5) акысыз берилгенде, акысыз пайдаланууга берилгенде, ошондой эле консервациялоого өткөрүлгөндө - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу баланстык наркы боюнча;

6) жоюлуп жаткан негизги каражаттарды сатууда - сатуу наркы боюнча;

7) жоюлуп жаткан негизги каражаттарды товардык материалдык запастардын түзүлүшүнө которууда - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталуучу товардык материалдык запастардын наркы боюнча;

8) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-200)  
Кийинки берене: [202-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-202)
