# 2-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 2-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары - бул, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын системасы.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардан турат:

1) ушул Кодекстен;

2) ушул Кодекстин негизинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан (мындан ары ушул Кодексте - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары).

3. Ушул Кодекс төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасында салык салуунун принциптерин;

2) Кыргыз Республикасындагы салыктардын системасын;

3) Кыргыз Республикасында алынуучу салыктардын түрлөрүн;

4) жергиликтүү салыктарды колдонууга киргизүүнүн жана колдонууну токтотуунун тартибин;

5) салык мыйзамдарынын келип чыгышынын, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун негиздерин жана аткарылышынын тартибин;

6) салык төлөөчүлөрдүн, салык кызматынын органдарынын жана башка салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин;

7) салык контролунун формаларын жана методдорун;

8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти;

9) салык кызматынын органдарынын чечимдерине жана алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануунун тартибин.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-3)
