# 199-берене. Амортизациялануучу негизги каражаттар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 199-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-199

---

1. Амортизациялык негизги каражаттар деп салык төлөөчүнүн негизги каражаттары, анын ичинде, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, анын менчик укугунда турган, пайдаланууга киргизилген жана киреше алуу үчүн иш жүзүндө пайдаланылып жаткан материалдык эмес активдер табылат, алардын наркы 100 эседен ашуун эсептик көрсөткүчтү түзөт.

2. Жер жана жаратылышты пайдалануунун башка объектилери: суу, жер казынасы жана башка табигый ресурстар, ошондой эле товардык материалдык запастар, бүтпөгөн капиталдык курулуш объектилери, баалуу кагаздар, финансылык шаймандар, орнотулбаган жабдуулар, негизги каражаттар жана өндүрүштө жана/же товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган материалдык эмес активдер жана мүлк амортизацияланууга жатпайт, алардын наркы агымдагы салыктык жылда толугу менен даяр продукциянын, аткарылган жумуштардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын наркына которулат.

3. Ушул бөлүмдүн максатында амортизациялануучу мүлктүн курамынан төмөндөгү:

1) келишимдер боюнча акысыз пайдаланууга берилген;

2) консервациялоого өткөрүлгөн;

3) 12 айдан ашык убактыкта реконструкциялоодо жана модерндештирүүдөн турган негизги каражаттар алып салынат.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-200)
