# 197-берене. Инновациялык ишке кеткен чыгашалар боюнча чыгарып салуулар. Жер казынасынын жакырланышына жеңилдик

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2019 года № 72 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111919)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.06.2019 [Закон КР от 14 июня 2019 года № 72 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111919); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года №158 "О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203758)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120992..1120995>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 197-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-197

---

1. Салык төлөөчүнүн инновациялык ишке чыгашалары чыгарып салууга жатат. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:

1) илимий-изилдөө иштери;

2) тажрыйба-конструктордук иштер;

3) долбоордук-изилдөө иштери;

4) илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;

5) колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;

6) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланыштуу чыгашаларды чыгарып салуу ушул Кодексте негизги каражаттарга карата белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Кен чыккан жердеги иштетүү токтотулган запастарды кайталап өндүрүү үчүн атайын ишкананын фонду бул сумманы резервде кармоо менен тоо-кен ишканасынын салык салынуучу базасы 15%га азаят.

4. Аталган берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын фонддун каражаттары ишкана тарабынан беш жылдын ичинде кен казуу, геологиялык иштерге бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде геологиялык чалгындоого реинвестиция кылынышы керек.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, 5 жыл ичинде багытталышы боюнча пайдаланылбаган атайын фонддун каражаттарынын суммасы бюджетке төлөнүп берилет.

6. Тоо-геологиялык ишке бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде ушул беренеде белгиленген тартипте атайын фонддун эсебинен алынган кендик, геологиялык тилкенин чегиндеги геологиялык чалгындоо жумушуна кеткен чыгымдар чыгарып салынууга тийиш эмес.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 , 2019-жылдын 14-июнундагы № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-196)  
Кийинки берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-198)
