# 196-берене. Пайыздык чыгашаларды чыгарып салуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120913..1120914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-196>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-196.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 196-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-196

---

1. Эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулса, чегерилген же төлөгөн пайыздык чыгашалар ушул Кодекске ылайык, салык төлөөчү тарабынан колдонулган салыктык эсепке алуунун усулуна жараша ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салынуусу тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгашалар менен байланышкан ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү колдонгон салыктык эсепке алуунун усулуна жараша чегерилген же төлөнгөн пайыздык чыгашалар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга жатпастан, алардын наркын көбөйтөт.

(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-195)  
Кийинки берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-197)
