# 194-берене. Кызматтык иш сапарлар учурундагы жана өкүлчүлүк боюнча чыгымдардын суммасын чыгарып салуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-194>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-194.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 194-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-194

---

1. Кызматтык иш сапарында чыгарылып салынууга тийиш болгон чыгашаларга төмөндөгүлөр таандык:

1) иш сапарынын ордуна барууга жана кайра келүүгө, анын ичинде резервге коюлуучу акы төлөөгө кетүүчү иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар;

2) жашоого, анын ичинде резервге коюлуучу чыгымдарга акы төлөөгө кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар;

3) Кыргыз Республикасынын чегинде жана анын чегинен тышкары жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде иш сапарында болуу учурунда төлөнүүчү суткалык акылар.

2. Чыгарып салууга тийиш болгон өкүлчүлүктүү чыгымдарга салык төлөөчү тарабынан өз ара кызматташтыкты белгилөө же колдоо көрсөтүү максатында сүйлөшүүлөргө катышкандарды, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү үчүн директорлордун кеңешинин жыйынына келген катышуучуларды кабыл алууга жана/же тейлөөгө багытталган киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар таандык кылынат.

Өкүлчүлүктүү чыгымдарга аталган адамдарды транспорт менен камсыз кылуу жана мейманканалык тейлөө боюнча, уюмдун штатында турбаган котормочуларга акы төлөө боюнча чыгымдар таандык кылынат.

---

Мурунку берене: [193-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-193)  
Кийинки берене: [195-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-195)
